Ош облусуна Дүйнөлүк банктан 60 миллион доллар берилиши каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
«Илдетти жеңип чыксак, биз ички жана сырткы туризмди өнүктүрүп, чет элдик меймандарга жана кыргызстандыктарга жакшы шарт түзүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Азыркы учурда Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан Ош облусуна 60 млн АКШ доллары каралып жатат. Анын 30 млн долларын туризм тармагына, анын ичинен жол курууга, таза суу, маданий ж.б. иш-аракеттерге жумшоону пландап жатабыз», — деп билдирди аткаминер.