2020-жылдын 15-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 29 учур катталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек ш. – 6
Чүй облусу — 4
Ош ш. — 4
Ош облусу — 1
Жалал-Абад облусу — 2
Нарын облусу — 11
Ысык-Көл облусу — 1
Республика боюнча оору жугузгандардын саны -1111. Айыгып чыккандар — 745.