2016-жылдын март айындагы макулдашуулардын негизинде Чехия мамлекети Кыргызстанга кубаттуулугу 158 мВт 15 кичи ГЭС куруп бермек. Чехиялык эки компания ишти колго алып, долбоордун инвестициясы 190 млн долларды түзгөн.
Кыргызстан үчүн кичи гидро электр станцияларын куруу маанилүү жана ар тараптан ыңгайлуу шарттарды түзмөк. Куруу иштери жеңил жана эрте бүтүрүлмөк. Айрым суу сактагычтарда сууну электр энергиясы үчүн колдонгондон кийин кайра сугат иштери үчүн колдонсо болот деген пикирлер айтылган эле.
“Кичи ГЭСтер курулса, импорт азаймак” — деп экс-өкмөт башчы Темир Сариевдин билдиргени бар.
ГЭС курула турган жерлерде өлкөдөгү дарыялар менен суу сактагычтар көрсөтүлгөн.
GEEN General Energy компаниясы 51 мВттык 5 кичи ГЭСтин долбоорун ишке ашырмак.
Анын ичине – кубаттуулугу 20 мВт Папан жана Орто-Токой суу сактагычтары, 3 мВт Кегети, Ноорус жана 5 мВт Кемин дарыялары кирген.
Экинчи долбоорду DC-Master Management компаниясы алган. Кубаттуулугу 107 мВтга жеткен 10 долбоор каралып, анын ичине Чу, Чоң-Аксуу, Гүлчө, Аламүдүн, Шамси, Ысык-Ата жана Кара-Кулжа дарыясындагы Ойтал ГЭСи кирген. Андан сырткары Токтогул, Киров суу сактагычтары менен Түптөгү 3 ГЭСтин каскады кошулган.
Учурда аталган компаниялар өкмөттүн келишимди бекитүүсүн күтүп жатканын КРдин Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин аткаруучу директору Шумкар Адилбек уулу билдирди. Ал эми айрым маалымат булактары жазып чыккан ГЭСке байланышкан Чехия менен мамилени токтотуу жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөдү.
«Жөн гана ортодо Кыргызстанга кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар болуп жаткан башка компаниялар бар» — деди ал.
Эгер долбоор ишке ашып калса, Чехия тараптан аткарыла турган куруу иштери октябрь-ноябрь айларында башталат.