Штаб коронавирус аныкталган 78 учур тууралуу маалымат берди

Автор -

Бүгүн, 18-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын катары 78 адамга көбөйдү. Ал учурлардын элүү бири чет өлкөдөн келген жарандарыбыздан табылган.

78 тастыкталган учурдун ичинен:

  • 43 учур Соль-Илецктен келгендерден;
  • 4 учур чоң жүк ташуучу унаалардын айдоочулары;
  • 1 учур чет өлкөдө окууда жүргөн жаран;
  • 3 учур курсанттардан;
  • 27си байланышта болгондордон аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлиги мекенине кайткан жарандар обсервация шарттарына баш ийбей, гигиенаны сактабай жатканын, бул оорунун көбөйүшүнө алып келип жатканын билдирди.