Кыргызстанда коронавирустун жаңы 27 учуру катталды

Автор -
238

Бир суткада өлкөдө 27 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда, онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек ш. – 7 (бирөө Санкт-Петербург шаарынан келгендерден);
Чүй облусу — 3 (баары Соль-Илецк ш. келгендер);
Нарын облусу — 11;
Ош облусу — 6.

Муну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1243 жетти.