Республикалык штабдын маалыматы боюнча, ишкерликтин төмөнкү түрлөрү 25-майдан тарта ишин жандантат:
- Кийим-кече сатуучу базарлар;
- 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар (коноктор менен үстөлдөрдүн ортосундагы 1,5-2 м аралыкты так сактоо менен), соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан фуд-кортторду кошпогондо;
- Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепкана жана маданий-агартуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
- Коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.