Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейинин чач тарач-стилисттери «Жазгы экспромт» деп аталган кезектеги сынагын тапшырышты. Окуучулардын сынагына каалоочулар жана абитуриенттер күбө болду.
Чач жасалга, визаж, стилистика жана колористика боюнча билим алып жаткан окуучу кыздар үйрөнгөн өнөрлөрүн бири-бирине жасап, подиумда көргөзмөгө чыгарышты. Арасында эки улан да бар.
«Окуучулар он ай окушат. Жети ай чач, тырмак жасалгасын жана боёнтууну үйрөнүп чыгышат. Калган үч айды сулуулук салондоруна барып сыноодон өтүп келишет. Бүтүрүүчүлөргө диплом жана эки сертификат тапшырылат. 90% жумуш менен камсыз болот дегенге кепилдик бар. Кээ бири жогорку окуу жайларына тапшырып окуусун улантып кетишет же чет өлкөгө барып кесиби менен иштешет», — дейт окутуучу Бермет Бейшенова.
Кесиптик лицей байланыш, маалыматтык технология жана кардарларды тейлөө бөлүмдөрү боюнча адистерди даярдап чыгат. Жылына 200 ашык окуучу билим алат. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу борбору аркылуу жумушсуз жарандар келип, кыска мөөнөттүү курстарды бүтүп кетишет. Билим берүү бюджеттик негизде жүрөт.