Жириновский Лениндин сөөгүн сатууну сунуштады

Автор -
628

Россиялык депутат, коомдук ишмер Владимир Жириновский Лениндин сөөгүн сатуу сунушу менен чыкты, деп билдирет Tengrinews.kz.

Саясатчы мындай «келишимдин» арты менен бюджетке көп акча түшүрсө болот деген ойдо. «Францияда бизнесмен «Жоконда» картинасын сатканы жатат го. Биз деле Лениндин мумиясын сатсак болот. Сатып алуучулар табылат: Кытай, Вьетнам жана бир коммунист. Ленин абдан жакшы абалда, анын сөөгүн катырып койгонубузга 96 жыл гана болбодубу», — деп жазган Жириновский өзүнүн Twitter баракчасында.

«Россия коммунисттери» партиясынын борбордук комитетинин төрагасы Максим Сурайкин «Говорит Москва» радиостанциясына берген маегинде бул сунушту мазактоо деп атады. Ал муну Кремлди сатуу менен теңештирди.