Чет өлкөлүктөр каттоосун ӨА алынгандан кийин узартса болот

Автор -
@Kloop.kg

Бүгүнкү күндө республика боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволук бөлүмдөрү – 20 ири калкты тейлөө борбору, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү кадимки тартипте белгиленген график боюнча иштеп жатат, деп билдирди МККнын төрагасы Акын Мамбеталиев.

Анын айтымында, республика боюнча Калкты тейлөө борборлорунун биринчи жумуш күнүндө 9 миңге жакын жарандар кабыл алынды.

«Саат 14:00гө келген жарандардын санын кескин кыскартууга жетиштик. Кызматкерлер түшкү тамактанууга танапис жок иштешти. Кайрылган жарандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында байкалды, электрондук кезек статистикасына ылайык, ар бир ири КТБ 1000-2000гө жакын адамды кабыл алды. Кайрылган жарандардын 75% чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча болду», — деп белгиледи Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы.

Ошондой эле, кечээ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жана 2006-жылдын 1-январдан 30-декабрга чейинки мөөнөтү өтүп кеткен үлгүсүндөгү паспорттордун мөөнөтүн узартуу жөнүндө токтому чыгып, чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн артыкчылык чаралар каралган.

Республиканын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар иштеп жаткан өзгөчө абалдын тартиби алынгандан кийин каттоону 10 жумушчу күндүн ичинде узарта алышат.