Каржы министрлиги Кыргызстандын ички дүң өнүмүнө карата тышкы карыз 60%дан ашпашы керек деген чекти алып салууну сунуштады. Карыздын чегин Жогорку Кеңеш жыл сайын республикалык бюджетти кабыл алып жатканда бекитет.
Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков ЖК отурумунда 2015-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 млрд 805 млн 100 миң долларды түзгөнүн айтып берди. Бул ИДӨнүн 68,2%ын түзөт.
Мамлекеттик карыздын 94,6% тышкы карыздарга туура келет – $3 млрд 601 млн 100 миң. Бул ИДӨнүн 64,5%ын түзөт.
Учурдагы мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү ички дүң өнүмдөн ашпашы керек. Анын ичинен тышкы карыз 60%дан ашуусуна жол берилбейт.
Учурда каржы министрлиги мамлекеттик карыздын көлөмүн өкмөт бекитүүсүн сунуштоодо. Карыздын чеги эл аралык карыздар туруктуулугуна таянып аныкталып, республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзам менен бир же эки жылга каралсын деп сунушталууда.