Мукар Чолпонбаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Автор -

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү бүгүн, 25-майда, саат 10:00дө Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу маркумдун кызы Нуриля Чолпонбаевага таянып бир катар жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Кызынан айтымына, коомдук ишмерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына маркумдун жакындары гана катышат.

Коронавирус жугуп, ооруканага түшкөн Мукар Чолпонбаев Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында ​кечээ, 24-майда, көз жумган. COVID-19га каршы штаб тараткан кабарга ылайык, коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Чолпонбаев бул илдет менен ооруп 5-майда ооруканага түшкөн. Ошол эле күнү реанимацияга которулуп, андан бери абалы оор деп бааланып жаткан.

Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында төрөлгөн. 1976-1984-жылдары Фрунзе шаарынын 1-Май районунун прокуратурасында тергөөчү, Транспорт прокуратурасында улук тергөөчү, Кыргыз ССРинин башкы прокуроруна караштуу өзгөчө иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.

Ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышынын жана Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын депутаты болгон.