Орусия менен Украина өз жарандары менен алмашуу боюнча макулдашкан эле. Маскөө Украинага учкуч Надежда Савченкону, ал эми Киев Евгений Ерофеев менен Александр Александровду өткөрүп берет.

Reuters өз булактарына таянып, Савченко учак менен Украинага чыгып кеткенин жазып чыкты.

Ал эми украиналык прессанын маалыматында, аны аэропортто өлкө башчысы Петр Порошенко өзү тосуп алмакчы. Савченкону алып кетүү үчүн президент өз учагын жөнөткөн.

Украиналык аскерий учкуч Надежда Савченко 2014-жылдын 17-июнунда Донбасста орусиялык журналисттер Игорь Корнелюк менен Антон Волошинди өлтүргөн деген жүйөө менен соттолгон. Быйыл 21-мартта сот аны 22 жылга эркинен ажыраткан.