Коңшу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин пресс-катчысы Ануар Жайнаковдун айтымында, жооп даяр болоору менен кыргыз тарапка жөнөтүлөт.

“Учурда кыргыз тарапка жооп даярдап жатабыз. Ал Казакстандын маданият министри айткан сөздөргө негизделет. Мен азыр документтин маңызын айтып бере албайм, ал даяр боло элек. Даяр болоору менен кыргыз тарапкө жөнөтөбүз. Тышкы саясий мекемелердин ортосундагы нота алмашууну жайылтууга биз көнгөн эмеспиз”, — деди Жайнаков.

Буга чейин Кыргызстан Казакстанга нааразылык нотасын жиберген эле.

Булак: tengrinews.kz