Майыптарга салынган үйлөр туура эмес бөлүнүп жатат деген маселе 2015-жылдан бери көтөрүлүп, бирок чечилбей келет. Аны менен катар эле атайы салынган 225 квартиранын көп бөлүгү Калык Мамбетакуновдун туугандарына жана кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун (КДАК) башкармалыгына таандык деп айтылып келет.

36270.49a42bafcdb510ef7d7ecca5727a957f.500
сүрөт: akipress.org

Алтынбек Тобокел уулу баштаган бир топ мүмкүнчүлүгү чектелгендер Мамбетакунов мурун үйлүү адамдарга, туугандарына, катчы жана вице-президентке бөлүп берип койду деп нааразычылын айтып келишет. Митингдер уюштурулуп, президентке, Жогорку Кенешке кайрылышкан.

Ал эми КДАК төрагасы бул айыптардын баарын жокко чыгарды. Анын айтымында, 2015-жылы 90 квартира салынган болсо, анын 89ун майыптар алып, бирөө гана каарыган коомго тиешелүү ишкананын кароолчу айымына берилген.

IMG_6636

«Мен төрага катары буга бергиле, тигиге бергиле деп айта албайм. Профсоюздун чечимин гана ырастайм. Үйлөр аз, алуучулар көп, баары эле кезекте турушат. Мага тагылган күнөө боюнча, үйлөрдүн 10% гана дени сак адамдарга, калган 90% майыптарга бөлүнүп берилген. Азыр 600 үй-бүлөнү турак жайлуу кылдык», — деп saat.kgге билдирди.

Ал эми, болуп жаткан митингдер жөнүндө башкаруучу «Бул пикетти уютшурган аялдын жеке кызыкчылыгы бар. Дени сак адам, майыптардын ишине кийлигишпей эле койсо», — дейт.

Коомдун мүчөсү Бегимаалы Мырзамаматов «Негизи биз 7-8 жылдап кезекте туруп, анан алып атабыз. Бир аз күтө турса, анан алат эле» деген оюн айтты.