Microsoft Apple менен Google Android’ге атаандаштык жаратуу аракети ишке ашпай калганын биротоло моюнуна алды. Эми компания Windows смартфондорду чыгарууга катышкан 1850 кызматкерди иштен кетирээрин жарыялады.

Корпорациянын бул кадамы таң калаарлык болгон жок. Быйыл Microsoft Nokia брендин сатып жиберди. Аны 2013-жылы алган эле.

Кызматкерлерди иштен бошотуу өнөкөтү 2017-жылдын июлуна чейин жүргүзүлөт. Финляндиялык Microsoft Mobile Oy компаниясынан 1350 жана башка өлкөлөрдөгү 500 кызматкер кетирилет. Телефондорду сатуу менен алектенген адистер жумуш ордун сактап калат деп Вести.ру жазды.