Укук коргоочу Камил Рузиев үй камагына чыгарылды

Автор -

«Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Камил Рузиев эки айга үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу аталган Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, 29-июлга чейин үй камагында болмокчу.

Буга чейин УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалгалоо фактысы боюнча Ысык-Көл облусунда «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-жылы туулган Камил Рузиев кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси «жасалма документтер» жана 204-беренеси «алдамчылык» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.