Белоруссиядан 179 кыргыз жараны кайтып келди

Автор -
Беларусь Республикасынан келген кыргыз жарандары. 2.06.2020

«Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын Минск−Бишкек каттамы менен бүгүн, 2-июнда, кыргызстандык 179 жаран кайтып келди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул каттам Европа жана Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн транзит менен Минск шаарына келип, аба каттамдары токтотулуп, чек аралар жабылганына байланыштуу Кыргызстанга уча албай жаткан жарандарды Мекенине кайтаруу максатында Кыргызстандын Белоруссиядагы Элчилиги тарабынан уюштурулду.

Алардын арасында Австрия, Армения, Беларусь, Венгрия, Британия, Германия, Литва, Испания, Нидерланды, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария, Эстониядан келген жарандар бар.

«Жүргүнчүлөрдүн тизмеси КРнын Европадагы Элчиликтерине берилген арыздардын негизинде түзүлдү», -деп эскертишет ТИМден.

Келгендердин баары обсервацияга жаткырылат.