2-июнга карата СOVID-19 инфекциясы 28 адамдан аныкталды

Автор -

2020-жылдын 2-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде билдирди.

  • Бишкек ш. – 11
  • Нарын облусу — 1
  • Ош ш. — 16

    Ошентип 2-июнга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 1 845 адамга жетти. Айыгып чыккандар — 1 219.