Коронавирус дагы 3 адамдын өмүрүн алып кетти. Алар кимдер?

Автор -
584

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

«Алардын экөө Ош облустук бириктирилген ооруканасында каза тапкан. Бири- 1961-жылы туулган фтизиатр, биздин кесиптешибиз. Ал апрель айынан бери пневмония болгон оорулууларды кабыл алып, дарылап келген. Коронавирус жуктуруп алып, өтө оор көтөрүп, көрүлгөн аракеттерге карабастан, кечээ каза тапты. Анда кант диабети да болгон», -деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Экинчиси Ош облусунун Кара-Суу районунан келген, алыска жүк ташып иштеген 55 жаштагы айдоочу болчу. Ал 27-майдан бери ооруканада болуп, коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, абалы начарлап, 2-июнда кечинде каза тапты. Коронавирустан сырткары, ал бейтапта эски оорулары болгон: жүрөгүндө стент болгон, эки тараптуу пневмониядан жабыркап келген.

3-учур Нарын облусунда катталды. Бейтап 84 жаштагы эркек киши. Ал 9-майда Нарын облустук ооруканасына дарыланууга жатып, ошол жерден оорулуу менен байланышта болуп, коронавирус жуктуруп алган. Абалы оорлоп, 25-майда интенсивдик терапияга которулган. Эски оорулары козголгон. Кечээ кечинде каза  тапты.

3-июнга карата Кыргызстанда жалпы каза болгондордун саны 20 кишини түздү.