Кыргызстан эгемендик алгандан кийин коңшу жана алыскы мамлекеттер менен достукта жашоону максат кылып, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Орусия менен түбөлүк достук келишимин түзгөн. Бирок акыркы учурда айрым саясатчылардын айтымында, Кыргызстандын тышкы саясаты аксап жатканын айтат. Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы саясаты бир гана Орусияга багытталып калганын айткандар да жок эмес.

Атамбаевдин башка мамлекеттердин президентерин сындаган сөздөрү

Мындан эки жыл мурда эгемендүүлүк күнүндө Алмазбек Атамбаев коңшу мамлекеттин башчыларын сындаган жана аларга мурунку президенттерге окшоп ийилип барбай турганын айткан эле. Ошондой эле коңшу мамлекет жана чет өлкөлөрдүн башчыларына “бири-бирибизге зыян келтирбейли” деген да оюн айткан.

Ошол эле учурда кыргыз оппозициясынын өкүлү, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан башчыларына “биздин президент силерди ачык эле жамандап жатат» деген пикири менен кайрылган. Ал мамлекетти өнүктүрүү үчүн коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиледе болуу керек экенин билдирген.

Андан кийин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган КМШ мамлекеттеринин президенттеринин саммитинде  Атамбаев “согушка катышкандардын урматына сый көрсөтүүдө” жыйынга келбеген кесиптештерин сындап, “Өткөндү унуткан келечекте жооп берет” деген эле. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов анын сөзүн “одоно жана чекилик” деп атап, ар ким майрамды каалаган жеринен тосо турганын белгилеген. Самитке Украинанын президенти Петро Порошенко менен Молдованын лидери Николай Тимофти келген эмес.

Түркия Орусиянын аскерий учагын атып түшүргөндө Алмазбек Атамбаев Түркия күнөөнү мойнуна алышы керек деген оюн айткан.

Учурдагы жүргүзүлгөн тышкы саясатка Атамбаевдин күнөөсү барбы?

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев учурда Кыргызстандын тышкы саясаты акырындык менен өнүгүп келе жатканын белгиледи.

“Мына Орусия менен ЕАЭБге киргенден бери карым-катнаш жакшы мамиледе болуп калды. Кытай менен дагы жаман мамиледе эмеспиз. Казакстан менен орто. Бирок Өзбекстан менен кол үзгөндөй болуп калдык”, — дейт Т. Какчекеев.

Ал Өзбекстан менен 25 жылдан бери эле мамиле жакшы болбогонун айтты.

“Атамбаевдин сөздөрү үчүн эмес, энергетика, суу, жер маселеси боюнча талаш болуп келет. Биздин президенттин айткан сөзүнө чейин эле Каримов биздин мамлекет тууралуу ар кандай пикирлерин айткан. Эмне үчүн Атамбаев унчукпай турушу керек?”, — дейт ал.

Саясатчы Адахан Мадумаров болсо өткөн аптада өткөн жыйында кошуналар менен Кыргызстанды салыштырып, тийишип сүйлөгөн туура эмес деп баамдаган.

“Биз өзүбүздү башка өлкөлөр менен салыштырганыбызды расмий түрдө токтотуш керекпиз. Эгер алар төмөндө турган болсо, эки тепкич жогору болуп алып дүйнөгө жар салыштын кажети жок. Тышкы саясатта жакшы концепция жүрбөй калды. Кошуналар менен жылуу пикирде болбой калдык. Ушул күнгө чейин биздин стратегиялык кошунабыз болгон Өзбекстан менен алты жыл ичинде расмий жумуш сапар уюштурулган жок. Мындай көрүнүш болуп көрбөгөндөй зыянын алып келет”, — дейт Мадумаров.

Ортодо эл жабыр тартат

Мындан тышкары, ал ойлонулбай сүйлөгөн сөздүн айынан жалпы журтчулук жабыр тартып жатканын кошумчалады.

“Мына кошуналар менен жаман мамиледе болуп, чек ара маселеси жаралды. Чек арада туруктулук болмоюнча инвесторлордун келүүсүнө мүмкүнчүлүк болбойт”, -деди саясатчы.

Тышкы саясат катары дагы белгилеп кетчү нерсе, Казакстандын маданият жана спорт министри кыргыздардын өспүрүмдөрү Орусиянын шаарларында ажаткана тазалап жүргөнүнө кейигенин айткан. Ал мындай көрүнүш өлкөдөгү жумушсуздуктун, келечектүүлүгүнүн жоктугунан болуп жатканын айткан. Кыргыз коомчулугу мындай сөзгө теригип, ар кандай пикирлерди жараткан. Ал эми казак активисттери кыргыз элинен кечирим сурашкан. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги бул билдирүү боюнча нааразылык нотасын жиберди. Казак министри болсо анын айткандарын туура эмес кабыл алынгандыгы үчүн кечирим сурады.