Өкмөттүн «Верный капитал», «Скай Мобайл» башчылары менен кездешүүсүндө эмне сөз болгон?

Автор -
Сүрөт: azattyk.kg

Социалдык тармактарда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Верный капитал» жана «Скай Мобайл» компанияларынын өкүлдөрү менен жолуккандыгы тууралуу тараган маалыматка байланыштуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү жолугушууда эмне тууралуу сөз болгонун маалымдады.

Анда жолугушуу 2020-жылдын 15-майында өткөнү айтылат. Ага вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Өкмөт  Аппаратынын кызматкерлери, «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору жана өнөктөшү Ерлан Оспанов,«Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан катышкан.

«Тараптар Кыргыз Республикасындагы «Скай Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолуккан. 

Жолугушуу учурунда негизинен салык жана радио жыштыктар маселелери талкууланды. Анын ичинде салык кызматынын жана компаниянын ортосунда талаштуу болгон роумингге жана резидент эместердин кирешесине КНС кошуу маселеси бар. Бул талаш мыйзам менен белгиленген тартипте каралууга тийиш жана Өкмөт соттук процесстердин ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт.

Ошондой эле «Скай Мобайл» компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголду.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев радиожыштыктар мамлекеттин активи болуп саналарын жана мамлекет жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керектиги тууралуу позициясын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

«Ала-ТВ кайсы бир учурда бул жыштыкты минималдык баада сатып алган, а бүгүн анын наркы алда канча жогору. Биз жыштыкты сатуу ачык сынак аркылуу ишке ашырылышы керек деп эсептейбиз», — деген вице-премьер-министр.