Куткаруучулар суудан 3 жансыз денени таап чыгышты

Автор -
1152

Өткөн сутка ичинде куткаруучулар 3 адамдын денесин суудан чыгарышты, алардын экөө жаш балдар болсо, бирөө — 69 жаштагы адам. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Талас облусунун Манас районунда 3-июнь күнү саат 15:35 чамасында Чеч-Дөбө
айылынын Саратай көлүнө 2002-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМдин  №100 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, РИИБден 9 кызматкер жана айыл аймактан 35 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жумгал районунун Байзак айылынын Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 2005-жылы туулган бала чөгүп кеткен. КР ӨКМнин №43 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары баланын жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 3-июнь күнү саат 20:36 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагынын Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 1951-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табылган. КР ӨКМнин №70 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып,  ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.