Ош шаарында унаа уурдап, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган шаардын Апсамат Масалиев кең көчөсүнүн тургуну ушул жылдын 6-мартынан 7-мартына караган түнү өзүнүн «Тойота-Раум» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар үйүнүн алдынан уурдап айдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган.
Иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында 3-июнь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1990-жылы туулган М.Ч. аттуу тургуну кармалды.
Учурда шектүү жарандын үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Унаа Ош шаарынын аймагындагы автоунаа коюучу жайлардын биринен табылып, ээсине кайтарылып берилди.