Кой-Таш окуясы боюнча сот 15-июнга жылдырылды

Автор -

Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараян 15-июнда уланат. Мындай чечимди сот бүгүн кабыл алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди, деп жазат «Азаттык».

Анын айтымында, айыпталуучулардын адвокаттарынын бири териштирүүгө келбей калгандыктан, сот отуруму кийинкиге жылган.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишинин соту болууда. Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Батукаевдин ишинде коррупцияга айыпталууда. Атамбаевдин тарапташтары мындай дооматтарды бийликтин куугунтугу катары баалап келатышат.