Мындай кадам жасалма документтердин пайда болушун алдын алуу үчүн жасалат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, паспортту жасалма күбөлүктөр менен алган учурлар катталган.

“QR-коду менен чыгарылган күбөлүктөр атайын аппарат менен окулат. Документти жасап алуу мүмкүн эмес”, — деди ал ЖК отурумунда.

Сарпашевдин пикиринде, документтердин жасалышын биротоло жоюу үчүн манжалардын изин камтыган биометрикалык паспортторду толугу менен киргизүү зарыл.