Ысык-Көл облусуна кирүү эрежеси өзгөртүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин аталган аймактын кире беришинен жарандардын паспортун сурап каттоого алып, дене табын өлчөп турушкан. Ал эми 1-июндан тарта пансионат жана эс алуу үйлөрүнүн ишине уруксат берилгенине байланыштуу, мындан ары санитардык-карантиндик посттон кооптуу райондон же чет өлкөдөн келгендер гана каттоого алынары айтылат. Бирок баарынын дене табы өлчөнөт.
«Эс алууга келген жарандар пансионат, мейманкана, боз үйлөр шаарчасы жана башка өзү жайгашкан жерге каттоого турушу керек. Бул эреже Ысык-Көл облусунун тургундарына да тиешелүү», — деп билдирди маалымат кызмат.
Учурда облустун өзүндө коронавирус жуктургандардын саны 22 адамга жетти. Акыркы жолу 4-июнда Жети-Өгүз районунан бирөө, 5-июнда Каракол шаарынан үчөө, 9-июнда Каракол шаарынан экөө, Жети-Өгүз районунан экөө чыккан. Учурда ооруканада 7 бейтап дарыланууда.