Баткен шаарында айдоочу рулду башкара албай калып, бетон тосмону сүзүп, өзү каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя өткөн түнү саат 02:38де болгон. Нургазыев жана Садыков көчөлөрүнүн кесилишинде ВАЗ-2107 Жигули үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн.
«Кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1983-жылы туулган аттуу аял жабыркаган. Жерине №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, маркумдун кыпчылып калган денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган аялды тез жардам
кызматы ооруканага алып кетти», -деп айтылат маалыматта.