Коронавирус Таласка жетти! Бүгүн жалпы 38 адамдан илдет чыккан

Автор -

2020-жылдын 10-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек ш. – 19
Чүй облусу — 6
Нарын облусу — 1
Ош ш. – 6
Ош облусу — 3
Жалал-Абад облусу — 2
Талас облусу — 1

Республика боюнча оору жуктургандардын саны 2093 адам болду. Айыгып чыккандар — 1572.