Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын бири — Таластан. Бул туурасында республикалык штабдын онлайн брифинги учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
• Бишкек ш. – 1
• Чүй облусунда – 3
• Ош облусунда – 1
• Талас облусунда – 1
Белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин Талас облусунда коронавирус жуктурган учурлар каттала элек болчу. Аймактагы алгачкы бейтап поликлиникада иштеп келгени айтылууда.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 409 учур катталды, алардын ичинен 294 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.