Кызматкерлери коронавирус жуктуруп алган бала бакчалар айтылды

Автор -

Кечээ, 9-июнда, республикалык штаб борбор калаадагы бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус аныкталганын маалымдаган. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кайсы бала бакчалардын кызматкерлеринен илдет аныкталганын кабарлашты.

Маалым болгондой, 3 кызматкер №111, №35 жана №37 муниципалдык бала бакчаларда иштейт. Ал эми дагы үчөө «Ак Шоола», «Ак Жол», «Асылай» менчик бала бакчаларынын кызматкерлери.

«Оорулуулар бейтапканага жаткырылды. Алар менен байланышта болгон жарандар үй карантинине жөнөтүлдү, бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Борбор калаадагы абалды шаардык штаб көзөмөлдөп жатат. Күн сайын коронавирустун очокторун аныктоо боюнча иштер аткарылып, мониторинг жүргүзүлүүдө», — дешти мэриянын басма сөз кызматынан.