Таласта коронавирус жуктурган бир бейтап 98 киши менен байланышта болгон

Автор -
246

Бүгүн, 11-июнда, Талас облусунда дагы 2 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бул эки учурдун бири — Таласта коронавирус табылган алгачкы бейтап болгон медицина кызматкеринин күйөөсү, ал эми экинчиси — кошунасы.

«Кечээ алар каттоого алынды. Тегерегинде турган адамдардын баарын текшерип атабыз. Бүгүнкү күнү биздин адистер жерине барып, иш алып барып жатышат. Тартип сакталбай, байланыш көп болуп жатканын ушул окуядан байкасак болот. Бир эле адам жашаган жеринен 5 киши менен, жумуш убагында 17 киши менен байланышта болгон. Бардыгы 98 адам менен байланышта болуп жатат. Бул дагы чебердебей, тартипти сактабагандын кесепети. Медицина кызматкеринин күйөөсүнүн дагы байланыштары текшерилип жатат», -деди министрдин орун басары.