Бишкек-Ош дирекциясынын жетекчиси жана 11 кызматкери кармалды

Автор -

Бишкек-Ош автожолундагы коррупцияга байланыштуу 12 кызматкер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясына караштуу бөлүмдөрдө «масштабдуу коррупциялык схема» аныкталып, дирекциянын жетекчиси жана «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары колго түшүрүлдү.

«Бүгүнкү күндө бул иш алкагында коррупцияга шектүү катары министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн 12 жооптуу кызматкери кармалды. Баштапкы эсептөөгө караганда, мамлекетке келтирилген зыян 20 миллион сом деп аныкталды», — дешти басма сөз кызматынан.

Финпол белгилегендей, азыр бул жемкорлук схемасына тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.