Дубай-Бишкек каттамы менен 187 кыргызстандык кайтып келди

Автор -

2020-жылдын 11-июнунда «Манас» Эл аралык аэропорту Дубай-Бишкек маршруту боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен КР 187 жараны, анын ичинде балдар кайтып келди.

«Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыкты. Азыркы учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды», -деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга келе турган маршруттарын издөө боюнча иштер улантылып жатат.