Бишкекте 22 жаштагы куруучу жигит 8-кабаттан кулап кетти

Автор -
758

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 8-кабатынан 22 жаштагы жигит кулап кетип, каза тапты. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 11-июнда, саат 15:00 жакын орун алган.
Окуянын күбөлөрү Ленин районунун ИИБине чалып, Масалиев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн белгисиз жигит кулап түшкөнүн кабарлашкан.

Жерине келген милиция кызматкерлери жигит Бакаев менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулаганын, өзү  ошол объектиде куруучу болуп иштеп келгенин аныкташкан.

Алган жаракаттарынан жигит кырсык болгон жерден каза тапкан. Бул факт каттоого алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.