2020-жылдын 12-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек ш. – 19
Чүй облусу — 13
Ош ш. – 1
Ош облусу — 2
Баткен облусу — 2
Республика боюнча оору жуктуруп алгандардын саны жалпысынан 2166 адамга жетти. Айыгып чыккандардын саны — 1668 адам.