Куран окутулуп жаткан «Кайнар» рестораны белгисиз мөөнөткө жабылды

Автор -

Кечээ, 11-июнда, экс-депутат Өмүрбек Бабанов «Кайнар» ресторанында эжесине куран окуткан. Анда массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн ресторанга 3 миң сом айып пул салынгандыгы белгилүү болгон.

Бүгүн, 12-июнда, Бишкек мэриясынын, райондук акимчиликтин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери рейдге чыгып, аталган ресторанда дагы куран окутуу болуп жатканына күбө болушту.  

Текшерүү учурунда «Кайнар» ресторанына иш-чарага келген адамдардын саны элүүдөн ашык экени тастыкталып, видеосу жарыяланды. Иш-чара аяктагандан кийин аталган тойкана белгисиз мөөнөткө жабылды.