Бишкектеги «Аламүдүн» базары дезинфекция иштерине жабылды

Автор -
272

Бишкектеги «Аламүдүн» базары бүгүн санитардык иштер үчүн жабылды. Бул тууралуу токтомго калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койду, деп билдиришти мэриядан.

Базардын айланасындагы Курманжан Датка, Буденный, Муса Жалил жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген квадраттагы бардык соода түйүндөрү жана башка ишкердик субъектилери менчигинин түрүнө карабай убактылуу жабылды.

Аталган аймактарда күнү бою дезинфекция иштери жүргүзүлөт.

«Урматтуу шаар тургундары! Бишкекте карантин, Өзгөчө кырдаал режими ишке кирген. Бардыгыңыздарды бет кап тагынып, кол кап кийип, санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз. Эл көп жактарга барууну чектеңиздер жана аралыкты сактаңыздар», -дешет мэриядан.