2020-жылдын 17-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 90 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек ш. – 36
Чүй облусу — 29
Ош ш. — 7
Ош облусу — 6
Баткен облусу — 3
Жалал-Абад облусу — 3
Талас облусу — 6
Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2 562 адамга жетти. Айыгып чыккандар — 1 901.