Жол кырсыгына кабылган дарыгерлер чакырууга бара жатышкан

Автор -

Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган тез жардам кызматынын тобу автоавария болгон жерге бараткан. Бул туурасында Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметовго таянып,  Kaktus.media жазып чыкты.

Анын айтымында, медиктер Элебесов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгынан улам, жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө бара жатышкан. Жандандыруучу топтун бошу болбогондуктан, чакырууга жүрөк оорулууларга жөнөтүлүүчү топ жиберилген.

«Бир квартал өтүп-өтпөй, өздөрү жол кырсыгына кабылышты: жүгү бар КамАЗ менен кагышып кетишиптир. Дарыгер, эки фельдшер жана айдоочу жабыркады. Алар ар кандай жаракаттар менен Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды. Бирөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө», — деген Шаяхметов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 18-июнда, саат 13:40 чамасында Бишкекте КамАЗ менен тез жардам унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.