Айлана-чөйрөгө зыян келтирди деген жүйөө менен “Кумтор Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомун мамлекеттик экотехинспекция сотко берген эле. Кечээ, 25-майда, Бишкектин райондор аралык соту кен өндүрүүчүнү күнөөлүү деп тапты.

Инспекциянын өкүлү Максат Абдылдаев сотто айтып бергендей, “Кумтор” бош руданы мөңгүнүн үстүнө таштап турган. Мындан улам, табият жана суу байлыктары булганган. Компания бул доо арызга макул болгон жок.

Инспекциянын маалыматы боюнча, 2014-жылга карата “Кумтөр” мөңгүнүн үстүнө 1,5 млрд тонна бош кен таштаган. Тараптар таштандынын көлөмү жана аны эсептөөнүн ыкмасы боюнча бир топ талашышты.

Жыйынтыгында, сот “Кумтөр” компаниясы экотехинспекцияга 6 млрд 698 млн 877 миң 290 сом төлөп бериши керек деген өкүм чыгарды. Мындан тышкары, компания мамлекеттик пошлина катары 33 млн 549 миң 291 сом төлөп берүүгө мажбур болду.

Булак: tazabek.kg