Бишкекке Якутиядан 170 кыргызстандык келди

Автор -

Бүгүн, 19-июнда, «Манас» эл аралык аэропорту «Якутия» авиакомпаниясынын Якутия-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул каттам менен Якутияда жашаган 170 кыргыз жараны мекенине кайтып келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине якут ЖОЖдорунда окуп жаткан студенттер – Кыргызстан жарандары, кош бойлуу аялдар жана балдар, ошондой эле оор илдеттери бар, мекенине кайтууга муктаж болгон адамдар киргизилген.

Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

Каттам КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Россия тарап менен өз ара аракеттешүүсүндө жана Саха Республикасынын «Манас» кыргыз диаспорасынын көмөктөшүүсү менен уюштурулду.