Казакстандын маданият министиринин кыргыздар тууралуу айткан сөздөрү кыргыз-казак жарандарынын интернетте гана талкуусун жаратпастан,  кыргыз бийлик өкүлдөрүнүн да нааразычылыгын жаратып, казак тарапка нааразычылык нотасын жиберген.

Нота жиберилгенден кийин чет өлкөлүк басма сөз беттеринде да «Кыргызстандан Казакстанга туалет нотасы»  аталышта макалалар жарык көрүп, дүйнө коомчулугу эки тарапты шылдың менен талкуулашууда.

Түкиялык hurriyet.com.tr агенттиги «Кыргызстандан Казакстанга Орустардын туалетин тазалап жатышат» — аттуу макала жарык көргөн. Бул макалага калтырган көптөгөн окурмандардын пикирлеринин ичинен айрымдарын мисал катары келтирсек:

Murat Kamil аттуу жаран «бирөөлөргө нота бергенче, өз өлкөңдө жумуш орун түзгүн, ал жердеги жаштарда азыр эки мүмкүнчүлүк бар, Түркия же Орусия»  -деп жазат.

Nane Kekik «Аябай күлдүм, бул нота эмес, Биз да Германиягва кеткен алгачкы мигранттар үчүн кино да тартканбыз, мында чычалай турган эч нерсе жок, биз да ЖОЖдорду бүтүп Америкага кетип оор жумуштарды кылдык эми бул үчүн өзүбүзгө өзүбүз нота жиберелиби» — деп ой-пикирин калтырган.

Ata Türk «Түрк дүйнөсүнүн эң Түрк болбогону Казактар, Орусташкан казактар кыргыдар жөнүндө айтканы бир күлкүлү келтирерлик. Казак жарандарынын Түркияда казак жарандарынын кайсы кесипте окуп жатканын көрсөңүз күлөсүз» — деп жазат.

Ал эми haberler.com Кыргызстандан Казакстанга Орустардын туалетин тазалоо нотасы деген макала жарык көргөн. Анда жарандар: «Түрк элдери акылдуу болгула, ал ушкты сүйлөгөндөргө көңүл бурбай, бири-бирибиздерден кечирим сураңыз» деп жазат. Дагы бир окурман «Эки түрк тилдүү элди бир пикирге келтирүү, атом бомбасын жок кылуудан да кыйын» деп пикирин калтырган.

Reuters.com, euronews маалымат агенттиктери да нааразычылык нотасы тууралуу макалаларын чыгарды.

Кече күнү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Бишкекетеги Казакстан элчилигин чакыртып казак тарапка нааразылык катын тапшырган. Тапшырылган нотада Арыстанбек Мухамедиулынын айтканы кыргыз-казак достук мамилесине туура келбейт, ал мазактоого барабар. Министрдин айткан сөздөрү өлкөнүн коомчулугунда терс маанайдагы талкууну жаратты», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары кыргыз ТИМи казак тараптан, анын ичинен Казакстандын мамлекеттик каналдары тарабынан Кыргызстанга карата айтылган ар кыл кеп-сөздөрдүн арбын кездеше баштаганын эске салды.

Ал эми Казакстан нотага жооп даярдап жаткандыгын билдирген эле.