21-июндан тарта мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда, Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.
«Июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өстү. Ушуга байланыштуу, 21-июнда Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча ҮМБ кайрылып, кеңеш ала алышат», — дейт Бактыгүл Исмаилова.
Анын айтымында, колл-борборго кайрылгандардын 50 пайызы медициналык мүнөздө эмес, кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.