Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан коронавирус аныкталды

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаттарынан коронавируска карата алынган тест алардын айрымдарында инфекция бар экенин тастыктады. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Бирок министр алардын аты-жөнүн ачыктоодон баш тартты. Ошондой эле канча депутат ооруга чалдыкканын айткан жок.

24.kg сайты эс алуу күндөрү жетимишке жакын депутат анализ тапшырганын, вирус КСДП фракциясынын 3, «Бир бол» фракциясынын бир мүчөсүнөн жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан бир депутаттан табылганын жазып чыкты.