Өзгөндө 19 жаштагы жигит селкинчектен жыгылып каза болду

Автор -

Өзгөн шаарынын 19 жаштагы тургуну селкинчектен кулап, ооруканада көз жумду. Окуя 20-июнда Сарахсий көчөсүндөгү эс алуу багында болгонун Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти, деп жазатт «Азаттык».

Факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, милиция териштирүүдө.

Маалыматка караганда, эс алуучу жай менчик жана ээсинин жоопкерчилиги да каралат.

Өзгөн шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бир жыл мурда да ушул жерде бир киши селкинчектен кулап кетип каза тапкан.