Ливан менен Өзбекстан баш тарткандан кийин Кыргызстандын футбол федерациясы башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында, 7-июнда Тегеранда “ак шумкарлар” Иран командасы менен достук беттеш өткөрөт.
“Биздин команда үчүн алар – техникалык жана тактикалык жактан алганда бир топ күчтүү атаандаш. Иран менен көптөн бери ойнойбуз деп пландаштырып жүргөнбүз”, — деп федерация билдирүү жасады.
Оюнга даярдануу үчүн машыгуулар 28-майда башталат. Федерация Кыргызстан эң күчтүү курамын алып чыгат деп ишендирүүдө.
“Биздин оюнчулар үчүн бул чоң сынак. Азиядагы номур биринчилер менен ойноо көпкө турат. Биз жаңы деңгээлге чыгып жатабыз”, — деп айтылат.