Бишкек шаарынын туристтик милициясы адам өмүрүн сактап калды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 22-июнда саат 14:50 чамасында Пионер көлүндө дос-тааныштары менен сууга түшүп эс алып жаткан адам чөгүп, элди жардамга чакыра баштаган. Ошол замат ал жерге туристтик милициянын кызматкерлери барып, ал адамды суудан аман чыгарышкан. Милиция менен кошо барган медкызматкерлер биринчи жардамды көрсөткөн. Сууга чөгүп кете жаздаган адамдын 53 жашта экендиги белгилүү болгон.
«Бишкек туристтик милициясы жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун коргоо үчүн дайыма даяр. Мындай коркунучтуу кырдаал жаралганда дароо 102 номуруна байланышып, дарегиңиздерди айтыңыздар, жакынкы жердеги туристтик милиция сиздерди коргоого барат», — деп жазылат маалыматта.