Ошто 48 жаштагы бейтап коронавирустан каза тапты

Автор -

Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифингде билдирди.

1972-жылкы эркек киши Ош облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткан.

Ошону менен жалпы каза болгондордун саны 42 кишиге жетти.