Кыргызстан дагы 220 жасалма дем алдыруучу аппаратка (ИВЛ) муктаж. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынын 572си иштеген абалда колдонулуп жатат. Пандемия башталгандан бери, 23 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, 5 СИПАП аппараты, 130 БИПАП аппараттары алынган.
«Азыркы күндө донорлордун каражатынын эсебинен 62 ИВЛ сатып алууга тендер өткөрүлдү. Ал эми, өткөн жумада Өзбекстандан 100 БИПАП аппараты келген. Учурда дагы 220 ИВЛ аппаратка муктаждык бар» – деп билдирди Айнура Акматова.