Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 13 тез жардам унаасын алып берди

Автор -
218

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарына 13 жаңы тез жардам кызматынын унаасы өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул унаалар Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында сатылып алынган. Маалыматта унаалар өлкөнүн жети облусундагы мекемелерге бөлүнүп берилери айтылат.

«Тез жардам кызмат унааларынын жалпы суммасы 764 миң 900 долларды түздү. Алынган 13 унаанын үчөөсүндө жасалма дем алдыруучу аппараттар бар. Тез жардам унаалары бейтапка алгачкы жардам көрсөтүү үчүн бардык жабдуулар менен жабдылган», — деп жазылат маалыматта.